Жаңылыктар

10.03.2025

Сербия ЕЭКтин кайрылуусуна жооп катары Бирлик өлкөлөрүнөн күн карама майын жана май камтыган продукцияны ташып келүүгө чектөөлөрдү алып салды

Сербия Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн күн карама майын жана май камтыган продукцияны ташып келүүгө сандык чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына маалымдады. Чектөөлөрдү алып салуу ЕЭКтин кайрылуусуна жооп иретинде Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБ менен мамилелерди өнүктүрүүгө жооптуу министри Ненад Попович тарабынан демилгеленген.

"Маселе Комиссия тарабынан өткөн жылдын апрелинен тартып Бирлик менен Сербиянын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иштердин алкагында иштелип чыккан. Атап айтканда, тема сентябрда Ненад Попович менен менин жолугушуумдун жүрүшүндө талкууланган", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал кошумчалагандай, чектөөлөрдү алып салуу конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү чагылдырат жана тараптардын соода-экономикалык кызматташтыгынын позитивдүү өнүгүүсүн баса белгилейт.

2024-жылдын мартында чектөө чаралары киргизилгенден кийин, ЕАЭБден Сербияга күн карама майынын жана маргариндин экспорту (ТЭИ ТН 1512 19 900 2, 1512 19 900 9, 1517 10 100 0, 1517 10 900 0) 2024-жылдын 10 айында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40%га кыскарган. Ошол эле учурда, 2023-жылы бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу болжол менен беш эсе көп болгон.