Жаңылыктар

19.04.2023

Сергей Глазьев: "Тышкы таасирлер ЕАЭБде интеграцияны бекемдөө үчүн түрткү болду"

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинде россиялык төрагалыктын артыкчылыктары жөнүндө парламенттик угууда негизги баяндамачы катары чыгып сүйлөдү. Иш-чара 18-апрелде Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин демилгеси боюнча Бирликтер үйүнүн Октябрь залында өткөрүлдү.

Сергей Глазьев өткөн мезгилдеги жетишкендиктерди белгилеп, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимди ишке ашыруунун көйгөйлүү маселелерине жана 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарына токтолуп, ЕАЭБдеги иштердин учурдагы абалына кенен талдоону сунуштады.

"Тышкы таасирлерге жооп: пандемияга, Беларуска каршы жана Россияга каршы санкциялар – интеграциялык көз караштан алганда оң таасирин тийгизди. 2022-жылы өз ара сооданын үлүшү 2021-жылга салыштырмалуу 14%га жана 2020-жылга салыштырмалуу үчтөн бир бөлүккө өстү. Башкача айтканда, тышкы абал канчалык начар болсо, интеграцияны бекемдөөгө жана өз ара сооданы кеңейтүүгө, атаандаштык артыкчылыктарын айкалыштырууга, тышкы таасирлерге ылайыкташуу үчүн бирдиктүү экономикалык мейкиндикти пайдаланууга өбөлгөлөр ошончолук көбүрөөк болот, – деп баса белгиледи Сергей Глазьев. - Товар жүгүртүү 2022-жылы болжол менен бир триллион долларды түздү, ал эми импорт пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келди".

Ошондой эле соода түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду, деп кошумчалады ЕЭК министри. Европа бирлигинин ролу кескин төмөндөп, чыгыш жана түштүк өнөктөштөр менен сооданын кескин өсүшү байкалууда. 

"Кытай биздин негизги соода өнөктөшүбүз болуп калды, аны менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 220 миллиард долларга жакындады, Индия менен үлүш үч эсе өстү, Иран менен сооданын үлүшү кескин көбөйдү, Түркия менен сооданын үлүшү эки эседен ашык көбөйдү", – деп белгиледи Сергей Глазьев.

ЕЭК министри ЕАЭБде россиялык төрагалыктын артыкчылыктарынын алкагында, биргелешкен кооперация жана инвестициялар, ЕАЭБ ичинде илимий-техникалык жана инновациялык-технологиялык потенциалдын консолидациясы Бирликтин келечектеги стратегиялык өнүгүүсүнүн драйвери болууга тийиш экенин өзгөчө баса белгиледи. Бирликтин экономикасын өнүктүрүүнү стратегиялык башкаруу тутумун түзүү, анын ичинде илимий-технологиялык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү болжолдорун, биргелешкен программаларды жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл. Сергей Глазьев ЕАЭБди өнүктүрүү бюджетин түзүүгө да токтолду.

Иш-чарага парламенттик фракциялардын жетекчилери, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын комитеттеринин төрагалары, депутаттары, аткаруу бийлигинин федералдык органдарынын жана Федерациянын субъекттеринин жетекчилери, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Евразия экономикалык комиссиясынын, ЕАЭБдин катышуучу- мамлекеттеринин дипломатиялык корпусунун, илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.