Жаңылыктар

26.12.2022

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө ишинин артыкчылыктуу багыттарынын тизмеги түзүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында өткөн Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыктары чыгарылды жана жарандардын керектөө укуктарын коргоо кызыкчылыктарында андан ары өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары аныкталды.

Виктор Назаренко белгилегендей, бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жөнөкөйлөтүүгө багытталган чаралар интеграциялык кызматташуунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизди. Мындай жагдайда ишкердин ак ниеттүүлүгү керектөөчүнүн кызыкчылыктарын жана ЕАЭБ рыногунун экономикалык туруктуулугун камсыз кылуунун күрөөсү болууда.

Бизнес менен керектөөчүнүн ортосунда ишеним мейкиндигин түзүүгө багытталган негизги чаралардын катарында Виктор Назаренко Бирлик өлкөлөрү тарабынан кабыл алынган Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин программасын, ошондой эле азыркы экономикалык шарттарда жарандардын керектөө тобокелдиктерин минималдаштырууга багытталган артыкчылыктуу чаралардын тизмегин белгиледи.

Отурумдун катышуучулары 2023-жылга биргелешкен иштин милдеттери катары керектөөчүлөргө карата ак ниет ишкердик тажрыйбаны киргизүү үчүн бизнес менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнү аныкташты.

Калктын керектөөчүлүк сабаттуулугунун деңгээлин изилдөөгө жана рационалдуу керектөөнү өнүктүрүүнү колдоого багытталган системалуу иш дагы бир маанилүү багыт болмокчу. Буга байланыштуу Комиссия мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте Бирликте керектөөчүлөрдүн укуктук корголушу жөнүндө коомдук пикирди изилдөөгө арналган биргелешкен социологиялык изилдөө жүргүзүүнү пландаштырган.

Бирликтин мамлекеттеринин калкын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча маалымдоого жана агартууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сүйлөшүп келишилди. Бул иш "Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес" жалпы темасы астында жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары илимий изилдөөлөрдүн темаларын макулдашышты, алардын жыйынтыктары 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүү стратегиясынын бир катар иш-чараларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Комиссия мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте даярдаган, ЕАЭБде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү учурдагы жана келечектүү ишмердүүлүктү сүрөттөгөн сереп жактырылды.