Жаңылыктар

01.03.2022

Бажылык декларациялоодо ашыкча басым астында иштеген жабдууларга карата техникалык регламентке шайкештигин баалоо жөнүндө маалыматтар талап кылынган продукциянын тизмеги түзөтүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ага карата бажы декларациясын берүү бажы органына ашыкча басым астында иштеген жабдууларга карата шайкештигин баалоо жөнүндө маалыматтарды берүү менен коштолгон продукциянын тизмегине өзгөртүүлөрдү бекитти.

Өзгөртүүлөр техникалык мүнөздө болуп, учурдагы тизмекте көрсөтүлгөн продукциянын аталыштарын (ЕЭК Коллегиясынын 2019-жылдын 22-январындагы № 12 чечими менен бекитилген) техникалык регламентке өзгөртүүлөрдө келтирилген аталыштарга шайкеш келтирүүнү караштырат (ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 49 чечими менен киргизилген).

Продукциянын тизмегине өзгөртүүлөр ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорунун учурда аракеттенген номенклатурасын өзгөртпөйт жана алып келинип жаткан продукцияны бажылык жол-жоболоштурууга таасир этпейт.