Жаңылыктар

23.03.2024

"Крокус Сити Холл" концерттик залындагы трагедияга байланыштуу көңүл айтуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын жана өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында террористтик актынын натыйжасында курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Биз ондогон адамдар курман болушуна алып келген, тынч калкка каршы жасалган террористтик актыны чечкиндүү айыптайбыз. Күнөөсүз курмандыктардын туугандарына жана жакындарына, ошондой эле болуп өткөн трагедияга байланыштуу Россиянын жалпы элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жоготуунун кайгысын жана азасын сиздер менен чогуу бөлүшөбүз. Жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайбыз", – деди Бакытжан Сагинтаев.