Жаңылыктар

26.12.2024

ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуу жүк ташуулардын "тигишсиздигин" камсыз кылат

26-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Ленинград облусундагы (РФ) отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуунун концепциясы ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен бирдиктүү транзиттик тутумду түзүү жөнүндө айрым эл аралык келишимдерин түзүү үчүн фундаменталдык укуктук негиздерди аныктайт. Буга, азыркы учурда эле мисалы, Өзбекстан кызыгуу көрсөтүп жатат, КМШнын башка мамлекеттери же ЕАЭБдин Кытай сыяктуу маанилүү соода өнөктөштөрү да буга кызыкдар болушу мүмкүн.

Макулдашуунун негизги милдети — "тигишсиздикти" камсыздоо, башкача айтканда, рыноктун бардык катышуучулары үчүн аймактардын байланышын жогорулатуу жана жүктөрдү жеткирүүгө бизнестин кошумча чыгымдарын азайтуу аркылуу жүк ташуу логистикасын максималдуу ыңгайлуу кылуу. Кеп, негизинен алып караганда, санариптик технологияларды киргизүүнүн натыйжасында ташууларды тездетүү жана арзандатуу, жеткирүүдөгү ката кетирүү тобокелдиктерин азайтуу жөнүндө болуп жатат, бул акыркы керектөөчү үчүн өзгөчө маанилүү.

Бул электрондук документ түрүндөгү бирдиктүү транзиттик декларацияны колдонуунун; бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын бирдиктүү камсыздоонун; Бирлик мамлекеттеринин жана үчүнчү тараптын ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна берилген айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуунун эсебинен жетишилет. Буга ошондой эле ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын бажы аймактары боюнча жүрүүнүн бүтүндөй жолунда товарлардын ташылышын көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жардам берет. Бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжаларын өз ара таануунун ролу да маанилүү.

Документтин кабыл алынышы Бирликтин транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, чек ара аралык жеткирүүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жана евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоору 2025-жылдын стратегиясын ишке ашыруунун алкагында даярдалган.