Жаңылыктар

09.03.2023 (Обновлено: 10.03.2023 18:07)

ЕАЭБ менен БАЭ ортосунда эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болуп өттү

6-марттан 8-мартка чейин Дубай шаарында (БАЭ) Евразия экономикалык бирлигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду болуп өттү.

Раунддун жүрүшүндө тараптар келечектеги макулдашуунун жөнгө салуучу бөлүгүн талкуулашты, ошондой эле бири-биринин рынокторуна жеткиликти либералдаштыруу боюнча негизги параметрлерди аныкташты.

"Биздин өлкөлөрдүн жетекчилиги тарабынан буга чейин, процессти тездетилген жол-жобо боюнча өткөрүүгө умтулуу белгиленгендигине ылайык, сүйлөшүү командалары ушул жылдын аягына чейин макулдашуунун долбоорун субстантивдүү талкуулоону аяктоого аракеттенишет", - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев.