Жаңылыктар

02.04.2024

ЕАЭБде бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселеси КМШ Эл аралык экономикалык форумунда каралды

Евразия экономикалык бирлигинде бажылык жөнгө салууну өнүктүрүүнүн перспективаларын ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин Эл аралык экономикалык форумунун алкагында "КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө тышкы соода механизмдерин, бажылык башкарууну өркүндөтүү" сессиясында тааныштырды.

Сергей Владимиров секциянын катышуучуларын Комиссиянын Стратегия-2025ти ишке ашыруу боюнча электрондук соода, бажы транзитинин бирдиктүү тутумун өнүктүрүү, анын ичинде навигациялык пломбаларды колдонуу маселелери боюнча иши жөнүндө маалымдады. Ал ЕАЭБ Бажы кодексине бажы чек арасы аркылуу товарлардын айрым категорияларын (контейнерлерди, балык продукцияларын, контрейлердик ташууларды ж.б.) алып өтүүнү жеңилдетүүгө багытталган түзөтүүлөргө байланыштуу иштер жөнүндө кеңири баяндап берди, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институтун өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

ЕЭКтин Бажы департаментинин башчысы Декларация-2030ду ишке ашыруунун алкагында бажылык жөнгө салууну андан ары өркүндөтүүнүн келечегине басым жасады.

Трансъевразиялык коридорлордун каттамдары боюнча үзгүлтүксүз ташууларды түзүү жана ТЭИнин катышуучуларына административдик жүктү азайтуу маселелерине арналган тегерек столдун алкагында, Сергей Владимиров Бирликте бажы транзитинин бирдиктүү тутумун (БТБТ) түзүү жана өнүктүрүү, навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды ташууну көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу, Транзитте камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында товарларды ташууну жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө карай кийинки кадам – БТБТ жана үчүнчү тарап жөнүндө макулдашуу жөнүндө айтып берди.

Сергей Владимиров ЕАЭБ Бажы кодексине Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарлардын айрым категорияларын алып өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган маанилүү түзөтүүлөрдүн топтому жөнүндө жана "ташуулар" бөлүгүндөгү бир катар ченемдерди өркүндөтүү жөнүндө маалымдады. Сергей Владимиров бул түзөтүүлөрдү ишке ашыруу транзиттик жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө, жеткирүүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана соодадагы тоскоолдуктарды азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.