Жаңылыктар

29.11.2024

ЕЭК Кеңеши жарым жылга Армения Республикасына жана Россия Федерациясына ак май ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Армения Республикасына 2 миң тоннадан көп эмес көлөмдө жана Россия Федерациясына 25 миң тоннадан көп эмес көлөмдө ташып келинүүчү ак майды алып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Бажы-тарифтик жөнгө салуунун көрсөтүлгөн чарасы документ күчүнө кирген күндөн тартып 2025-жылдын 15-июнуна чейин колдонулат.

"Чараларды киргизүү баалардын өсүшүн басаңдатуу жана тартыштыкка жол бербөө максатында ички рынокто ак май менен кошумча камсыздоону камсыз кылуу үчүн зарыл. Жеткирилүүчү май тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн да, чекене соодада сатуу үчүн да колдонулушу мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал баса белгилегендей, чечим ресурстук базанын чектелгендигин эске алуу менен сүттөн жасалуучу башка азыктарды өндүрүүгө зыян келтирбестен, кыска мөөнөттүү мезгилде сурам менен сунуштун тең салмагын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Импорттук жеткирүүлөр, атап айтканда, Иран менен Индиядан болушу мүмкүн.

Тарифтик жеңилдик Армения Республикасынын же Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген тастыктама болгондо берилет.

 Чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.