11-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин убактылуу ташып келүүнүн (киргизүүнүн) бажы жол-жобосун колдонуунун айрым маселелери жөнүндө чечими күчүнө кирет.
Чечимдин долбоорун иштеп чыгуу ЕЭК тарабынан убактылуу ташып келүүнүн (киргизүүнүн) бажы жол-жобосун укуктук жөнгө салууну оптималдаштыруу жана системалаштыруу үчүн демилгеленген. Бул максаттар Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 331, 2010-жылдын 16-июлундагы № 328, 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 375 Чечимдеринин, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 109 Чечиминин тийиштүү жоболору бириктирилген.
Комиссиянын ар кандай чечимдеринин жоболорунун шайкешсиздигин болтурбоо жана пайдалануунун ыңгайлуулугу үчүн товарлардын бирдиктүү тизмеги түзүлүп, анда товарлардын убактылуу болушунун жана бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн пайдаланылышынын мөөнөттөрү жана шарттары, ошондой эле убактылуу ташып келүүнүн (киргизүүнүн) бажы жол-жобосунун аракетинин мөөнөттөрү аныкталган.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен ЕАЭБ Бажы кодексинин 226-беренесинин 3-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарында каралган пайыздар чегерилбеген жана төлөнбөгөн калган учурлар да аныкталган.
Документти иштеп чыгууда товарларды контролдоонун кыйынчылыктарына же мүмкүн эместигине, ал эми кээ бир учурларда аларды аныктоонун тууралыгына байланыштуу бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн товарлардын убактылуу болушунун жана пайдаланылышынын бир катар шарттары кайра каралып чыккан жана оңдолгон.
Мындан тышкары, Чечим менен ушул чечим күчүнө киргенге чейин убактылуу ташып кирүү (уруксат берүү) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук шарттуу бошотуунун (бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн убактылуу болуу жана пайдалануу)чектүү мөөнөттөрү жана шарттары колдонулаары, ошондой эле ушул Чечим күчүнө киргенге чейин колдонулган Бажы бирлигинин комиссиясынын (Евразия экономикалык комиссиясынын) тиешелүү актылары менен көрсөтүлгөн товарларга карата аныкталган убактылуу ташып келүүнүн мөөнөттөрү (убактылуу ташып келүүнүн (киргизүүнүн) бажы жол-жобосунун аракеттеринин мөөнөттөрү) аныкталган.
Чечимди кабыл алуу убактылуу ташып келүүнүн (киргизүүнүн) бажы жол-жобосун укуктук жөнгө салууну оптималдаштырууга жана системалаштырууга, Бирликтин бажы аймагында товарлардын убактылуу болушунун жана пайдаланылышынын түшүнүксүз шарттарын жоюуга, ошондой эле бирдиктүү укук колдонуу практикасын калыптандырууга мүмкүндүк берет.