Жаңылыктар

18.03.2022

ЕЭК Кеңеши Бирликте суперкомпьютердик тармакты түзүү боюнча мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгууну тапшырды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Евразия маалыматтык-эсептөө инфраструктурасы" мамлекеттер аралык жаңы программасын иштеп чыгуу чечимин кабыл алды.

"Бүгүнкү күндө суперкомпьютердик технологиялар – стратегиялык тармак болуп саналат, ансыз экономиканын андан ары өсүшү мүмкүн эмес. Суперкомпьютер натыйжалуу техникалык жана экономикалык өнүгүү үчүн зарыл инструмент болуп калды. Ошол эле учурда, акыркы он жылдыкта дүйнөнүн алдыңкы экономикалары - "өндүрүмдүүлүктүн эң жогорку көрсөткүчтөрүнө ким тезирээк жетет жана сапат, ылдамдык жана эсептөөлөрдүн көлөмү боюнча атаандаштыктык артыкчылыкты ким алат" деген чыныгы жарышка түшкөн, - деди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. - Ошону менен бирге ЕАЭБ мейкиндигинде мындай жарандык суперкомпьютердик инфраструктура жок".

Артак Камаляндын сөзү боюнча, жаңы мамлекеттер аралык программанын максаты - бардык ишканаларга, илимий мекемелерге, окуу жайларына, мамлекеттик ведомстволорго, инновациялык өнүгүү субъекттерине дүйнөлүк класстагы жогорку өндүрүмдүү эсептөө ресурстарына кеңири мүмкүнчүлүк берүү үчүн ЕАЭБ маалыматтык-эсептөө инфраструктурасын куруу болуп саналат.

Түзүлүп жаткан инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу технологияларын иштеп чыгуу, инновациялык экономиканын бардык субъекттерине аны колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү, керектөөчүгө ыңгайлуу чөйрөнү, анын ичинде иштөөнүн бизнес- моделин, зарыл болгон ченемдик-укуктук базаны, стандарттарды, сертификаттоо тутумун түзүү, эксперттик коомчулукту жана билим берүү тармагын түзүү сунушталат.

ЕЭК эксперттеринин пикири боюнча, бул милдетти аткаруу биздин өлкөлөрдүн өзүнчө, ошондой эле бүтүндөй Евразия экономикалык бирлигинин технологиялык көз карандысыздыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жардам берет.

Мындан тышкары, маалыматтык-эсептөө инфраструктурасын түзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу Бирликте суперкомпьютердик технологияларды колдонуу менен жаңы рыноктордун пайда болушуна түрткү берет.