Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 10:54)

ЕЭК Кеңеши жеке пайдалануу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн чегин 1000 еврого жана 31 кг чейин көтөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Беларуска, Казакстанга, Кыргызстанга жана Россияга жеке пайдалануу үчүн товарларды бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүүнүн нарктык ченемдерин 1000 еврого чейин жана салмактык ченемдерин - 31 кг чейин көбөйттү. Кеп аба транспорту менен, же жөө ташуудан тышкары, транспорттун бардык түрлөрү менен коштолуучу жана (же) коштолбогон багажды ташып келүү жөнүндө болуп жатат.
Ошол эле учурда жеке пайдалануу үчүн товарлардын наркы көрсөтүлгөн ченемдерден ашып кетсе, наркынын 30% өлчөмүндө, бирок 1 кг үчүн 4 евродон кем эмес алым төлөө керек болот.

Бул чечим кабыл алынганга чейин жеке пайдалануу үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн чеги 500 евро жана 25 кг болгон. 

Бирлик өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын эксперттеринин пикири боюнча, кабыл алынган чара жарандарды санкциялык басымдын шарттарында колдоого жана биринчи зарылдыктагы товарлардын жана маанилүү импорттун тартыштыгын болтурбоого мүмкүндүк берет. Бирок бул чара убактылуу колдонулат – 2022-жылдын 1-октябрына чейин.

ЕЭК Кеңешинин чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирмекчи.