Жаңылыктар

21.02.2022

ЕЭК Кеңеши Бирликтин зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн сунуштаманы кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда "Мүчө мамлекеттердин продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жылдырууда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин зергерчилик тармагындагы интеграциясын өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүү жөнүндө" сунуштамасы жактырылды.

Документке ылайык, Евразиялык зергердик экспорттук бюрого ЕАЭБ мамлекеттеринин зергердик продукцияларынын чет өлкөлүк рынокторго жетүү шарттарын жөнөкөйлөтүү боюнча эксперттик сунуштарды даярдоодо Бирлик өлкөлөрүндө зергерчилик тармагынын продукцияларына карата жүргүзүлгөн экспорттук жол-жоболордун салыштырма рейтингин түзүү сунушталат.

"Мындай системалык маалыматты алуу боюнча суроо-талапты биз зергердик продукцияны экспорттоочулардан алдык", - деп билдирди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. - Салыштырмалуу рейтингдерди түзүү биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарына зергердик продукцияны экспорттоонун учурдагы административдик шарттары жөнүндө бизнестин пикирин билүүгө гана мүмкүндүк бербестен, ЕАЭБ мамлекеттерине натыйжалуу мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат".
Маалымат

Евразиялык зергерчилик боюнча эксперттик бюро 2021-жылы катталган. Бюрону түзүүнүн максаты Евразия экономикалык зер тармагын глобалдык рынокто позициялоо, Бирликтин мамлекеттеринин зер продукциясын илгерилетүү, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.