Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5892
30 майындагы 2025
Бахыт Султанов: "Жасалма интеллектти пайдалануу менен укук ээлеринин укуктарын коргоонун ортосундагы кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо зарыл"
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикасынын ар кандай тармактарына жасалма интеллектти (ЖИ) киргизүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Astana International Forumда айтып берди. Бахыт Султанов форумдун "Жасалма интеллект доорундагы интеллектуалдык менчик" панелдик сессиясында сүйлөп жатып, ЖИ жардамы менен жаралган чыгармаларга карата укуктарды жана жоопкерчиликти чектөө маселелерине токтолду. Ал авторлукту аныктоодогу татаалдыктарга, ошондой эле илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө жасалма интеллект технологияларын колдонууну жөнгө салуу үчүн так эрежелерди жана ченемдик актыларды иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө басым жасады. Бахыт Султанов бул чөйрөдө эл аралык стандарттарды жана макулдашылган ык- амалдарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ЕАЭБ өлкөлөрү улуттук мыйзам чыгаруу демилгелерин түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышканын белгиледи: Казакстан 2024-2029-жылдарга ЖИ өнүктүрүү концепциясын кабыл алган, Беларусь жасалма интеллект жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууда, ал эми Россияда 2030-жылга чейин Улуттук стратегия ишке ашырылууда. Министр дүйнөлүк коомчулукта ЖИ жардамы менен түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды укуктук коргоо жана сактоо маселелери кеңири талкууланып жаткандыгына көңүл бурду. Евразиялык интеграциялык бирикменин алкагында "Евразия экономикалык жолу" декларациясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыгууда, ал мындай объекттерди укуктук коргоого карата мүмкүн болгон ыкмаларды иштеп чыгууну камтыйт. "Ошону менен катар жасалма интеллектти колдонуу менен укук ээлеринин укуктарын коргоо ортосунда кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо маанилүү", – деп белгиледи Бахыт Султанов. Форумдун алкагында ЕЭК министринин Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Дарен Танг менен жолугушуусу болуп өттү. Уюмдардын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуу талкууланды, интеллектуалдык менчикти коргоо жана сактоо контекстинде Евразия экономикалык интеграциясына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды. "Комиссия контрафактылык продукцияларды жүгүртүү тенденцияларын жана ЕАЭБде интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы күрөшүү практикасын туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. Биз жыл сайын отчет даярдайбыз, анда мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар жана укук колдонуу практикасын жакшыртуу боюнча сунуштар камтылат", – деп билдирди Бахыт Султанов. ЕЭК министри ошондой эле Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) башкы директору Эми Поуп менен жолугушту. Бүгүнкү күндө Комиссия жана МЭУнун регионалдык кеңсеси биргелешкен билдирүүнүн үстүндө иштеп жатышат, анын негизин – уюмдар ортосундагы аракеттеги Кызматташтык жөнүндө меморандум жана ага ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү кошулган Коопсуз, тартиптүү жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишим түзөт.
30 майындагы 2025
ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн динамикасынын өзгөрүүсүн белгилейт
Экономикалык өнүгүүнүн дал келген жана алдыга кеткен индикаторлорун эсептөөнүн жыйынтыктары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө ишкердик жигердүүлүктүн динамикасынын өзгөргөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт. Евразия экономикалык комиссиясынын баалоосу боюнча, 2025-жылдын июнунда интеграциялык бирикменин көпчүлүк мамлекеттеринин экономикасында басаңдоо күтүлүүдө, ошол эле учурда Казакстандын экономикасы ишкердик жигердүүлүктүн жогорулоо фазасына өтөт. Азыркы учурда Казакстандын жана Россиянын экономикалары басаңдоо фазасында калууда, ал эми Арменияда, Беларуста жана Кыргызстанда ишкердик жигердүүлүктүн өсүшү байкалууда. Алдыга кеткен индикаторлор Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кыска мөөнөттүү келечекте евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө ишкердик активдүүлүктүн өзгөрүү динамикасынын багыты жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу үчүн колдонулуучу болжолдоо инструменти болуп саналат. Алар экономикалык агенттердин жүрүм-турумун жана экономиканын негизги тенденцияларын көрсөткөн кыска мөөнөттүү процесстер жөнүндө эң маанилүү маалыматтарды топтошот.
30 майындагы 2025
ЕЭК жана ITIC кызматташтыкты тереңдетишет
Astana International Forum талааларында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов менен Салык салуу жана инвестициялар боюнча эл аралык борбордун (ITIC) президенти Даниэл Алан Виттанын жолугушуусу болуп өттү. Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясы аяктагандан кийин, бул уюмдардын ортосундагы биринчи ишкердик байланыш. Тараптар аракеттеги Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташууну улантуу ниетин билдиришти, анда, атап айтканда, салык саясаты жана администрациялоо боюнча биргелешкен иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү каралган. Салыктык башкарууну санариптештирүү жана анын жол-жоболорун санариптик жана глобалдашкан экономика шарттарына адаптациялоо боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдар менен алмашуу, ошондой эле акциздик салык салууну айкалыштыруу боюнча интеграциялык бирикмелердин мыкты тажрыйбалары талкууланды. "Биздин жолугушуу ЕЭК менен ITIC ортосунда талкууланган багыттар боюнча диалогду өнүктүрүүгө жардам берет, ЕАЭБ алкагында инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү жакшыртууга, ошондой эле евразиялык интеграциянын жыргалчылыгы үчүн жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт деп ишенем", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов. ITIC – көз карандысыз коммерциялык эмес изилдөө жана билим берүү уюму, 1993-жылы өткөөл жана өнүгүп келе жаткан экономикаларда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча салык реформаларын жана мамлекеттик-жеке демилгелерди илгерилетүү үчүн негизделген. ЕЭКтин Салык саясаты жана администрациялоо боюнча консультативдик комитети менен ITIC ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2013-жылы кол коюлган, ал эми 2017-жылы анын жаңыланган редакциясына кол коюлган. ITIC менен өз ара аракеттенүүнүн координатору — Комиссиянын Каржы саясаты департаменти болуп саналат.
30 майындагы 2025
ЕЭК ЖДДУ менен өз ара иштешүүнү өнүктүрөт
Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий жана ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директорунун орун басары Владимир Субботин 25-29-майда Парижде өткөн Жаныбарлардын ден соолугунун дүйнөлүк уюмунун (ЖДДУ) башкы сессиясына катышышты. Иш-чарага ЖДДУнун 183 мүчө өлкөсүнөн, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринен делегаттар катышышты. Эл аралык жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу продукцияларды сатууда коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды. Жаныбарлардын ылаңдарына каршы күрөшүү ыкмалары боюнча жаңы эл аралык стандарттардын үстүндө иштөөнүн орто аралык жыйынтыктары, ошондой эле жаныбарларды өзгөчө коркунучтуу ылаңдардан эмдөө маселелери каралды. Сессиянын талааларында Валентин Татарицкий бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Анын ЖДДУ башкы директору Эммануэль Субейран жана ЖДДУнун Европа, Азия жана Тынч океан региону боюнча регионалдык комиссияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө 2025-2027-жылдарга ЕЭК менен ЖДДУнун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык мындан аркы кызматташтыктын багыттары талкууланды, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарына ЖДДУ стандарттарынын талаптарын түшүндүрүү боюнча методикалык жардам көрсөтүү жана ветеринария боюнча семинарларды өткөрүү бөлүгүндө. Тараптар өз ара иштешүүнү бекемдөө жөнүндө, атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин укуктук актыларына ЖДДУ эл аралык стандарттарын жана сунуштамаларын киргизүүнү улантуу жөнүндө макулдашышты. Комиссиянын жана Бирлик өлкөлөрүнүн органдарынын ветеринария органдарынын өкүлдөрүнүн ЖДДУ иш-чараларына, ошондой эле Европа, Азия жана Тынч океан региондору боюнча ЖДДУ регионалдык комиссияларынын мындан аркы катышуусу жөнүндө макулдашылды. "ЖДДУнун алдыңкы практикалык тажрыйбасын Бирликтин актыларында колдонуу, ошондой эле ЖДДУ кодекстерине кабыл алуу жана киргизүү үчүн пландаштырылган стандарттардын өзгөрүүлөрүн талкуулоого биздин мүчө мамлекеттердин жигердүү катышуусу биздин өлкөлөрдүн ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын потенциалын өстүрүүгө өбөлгө түзөт, – деп белгиледи ЕЭК министри. – Бул, өз кезегинде, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында эпизоотиялык бакубаттуулукту, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарына жана антибиотиктерге туруктуулук менен күрөшүүнүн бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууну камсыз кылат". Валентин Татарицкийдин жана ЖДДУнун Азия жана Тынч океан региону боюнча Регионалдык комиссиясынын президенти Баокс Хуангдын жолугушуусунда ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө кызматташуунун келечектүү багыттары, атап айтканда, Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрүнүн ортосунда жаныбарлардан алынган продукцияларды сатууда эпизоотиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. ЕЭК министри ошондой эле Беларустун, Казакстандын жана Россиянын ветеринария органдарынын өкүлдөрү менен бул чөйрөдө евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жолугушууларды өткөрдү. Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча дүйнөлүк уюм (ЖДДУ) 1924-жылы негизделген жана жаныбарлардын ден соолугунун абалы, анын ичинде ветеринардык контролдоо жаатындагы эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу, дүйнөдөгү эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү, жаныбарлардын жугуштуу оорулары менен күрөшүү, анын ичинде эл аралык карантиндик иш-чаралар менен алектенген өкмөттөр аралык уюм болуп саналат.
30 майындагы 2025
ЕЭКте ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери талкууланды
30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдовдун төрагалыгы менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болду. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине киргизилүүчү ЕАЭБдин бажылык чек арасы аркылуу контейнерлерди жөнөкөйлөштүрүп өткөрүүгө тиешелүү түзөтүүлөр талкууланды. Бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле балык кармоо жана балык продукциясы тууралуу маалымат алмашуу маселелери каралды. Жумушчу топтун катышуучулары өтө сезимтал маселелер боюнча талкууну улантууну макулдашышты. Жумушчу топтун кийинки отурумун ушул жылдын май айында көздөй форматта өткөрүү мерчемделди.
30 майындагы 2025
Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду. "Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович. ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет. Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.
29 майындагы 2025
Арзыбек Кожошев КМШ КТКнын тармактык кесиптик компетенциясы боюнча эл аралык конференциянын катышуучуларына кайрылды
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн кесиптик компетенцияга карата талаптарга арналган Эл аралык конференциянын катышуучуларынын алдында видео кайрылуу форматында чыгып сүйлөдү. ЕЭК министри өз сөзүндө кесипкөйлүк тармакты өнүктүрүү үчүн маанилүү роль ойноорун, мында компетенциялардын жогорку деңгээли — транспорттун жана транспорттук инфраструктура объекттеринин үзгүлтүксүз иштешинин кепилдиги экенин баса белгиледи. "Технологиялык прогресс бүтүндөй транспорт тутумуна жаңы талаптарды коет, транспорттук операцияларды технологиялаштыруу жигердүү жүрүп жатат, "акылдуу" санариптик жана интеллектуалдык чечимдер киргизилүүдө. Ошого карабастан, бардык бул аракеттерде транспорт тутумунун туруктуулугун жана жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган адистердин ролу маанилүү бойдон калууда", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Министр ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү евразиялык мейкиндикте окумуштуулук даражаларды өз ара таануунун эсебинен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. "Эл аралык өнөктөштүктүн алкагында кесиптик компетенцияны жогорулатуу жыйынтыгында өлкөлөрдүн жана жалпы региондун экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт", — деп баса белгиледи министр.
29 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Astana International Forum ишине катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 29-майда Астанада Astana International Forum — дүйнө лидерлерин, эл аралык уюмдардын башчыларын, инвесторлорду жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген жыл сайын өтүүчү эң ири иш-чара болгон форумга катышты. AIF-2025 башкы темасы — "Connecting Minds, Shaping the Future" (Акылдарды бириктирүү, келечекти түзүү) болду. Мамлекет, өкмөт жана эл аралык уюмдардын башчылары глобалдык күн тартибинин негизги үч багыты боюнча: тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук; экономика жана финансы; энергетика жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелердин кеңири спектрин карап чыгышты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы глобалдык экономикалык өнүгүүгө багытталган демилгелер талкууланган пленардык отурумга катышты. AIF-2025 аянтчасында Бакытжан Сагинтаев Форумдун жогорку деңгээлдеги катышуучулары менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. AIF-2025 катышуучулары дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 5 миңден ашык адамдар болушту. 25 талкуу аянтчасы уюштурулуп, аларда 600гө жакын чет элдик коноктор чыгып сүйлөштү.
Дагы көрсөтүү