Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 18.05.2022 12:35)

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Комиссиянын өлкөлөр тарабынан товарлардын өз ара соодасына чектөөлөрдү киргизүүдө жана жокко чыгарууда өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин бекитти

15-апрелде Москвада көздөшүү форматында өткөн ЕЭК Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 29-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, Бирлик мамлекеттеринин жана Комиссиянын өлкөлөр тарабынан товарлардын өз ара соодасына чектөөлөрдү киргизүүдө жана жокко чыгарууда өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин бекитишти. 
Эске салсак, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 29-беренесинде, эгерде мындай чектөөлөр улуттук коопсуздукту, адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоону, коомдук адеп-ахлакты жана укук тартибин, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, маданий баалуулуктарды сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон учурда, өлкөлөр тарабынан чектөөлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Документ өлкөлөр тарабынан киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөттөрүн жана мазмунун регламенттөөгө мүмкүндүк берет. 
"Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр эл аралык мамилелерде өтө күчтүү чыңалуунун жана каршылыктардын фонунда болуп көрбөгөндөй жаңы чакырыктарга туш болууда, мындай жагдай интеграция маселелерин өлкөлөрдүн экономикаларынын жана Бирликтин ички рыногунун туруктуулугун камсыздоо багытында кароого түрткү берүүдө. Бүгүнкү чечим анын ичинде ички рыноктогу божомолдуулукту жана ачыктыкты жогорулатууга жана биздин Бирликке тышкы басымдын терс таасирлерин минималдаштырууга мүмкүндүк берген чектөө чараларынын маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн консультацияларды өткөрүүнүн евразиялык механизмин Бирликтин практикасына киргизүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.