Жаңылыктар

08.06.2022

2022-жылдын I кварталында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө орточо эмгек акы өскөн

Үстүбүздөгү жылдын I кварталындагы номиналдык орточо айлык эмгек акы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө көбөйгөн.

Анын көлөмү Кыргызстанда 21 миң сомдон баштап (234$) Россияда 60 миң рублга чейинкини (709$) түзгөн.

Номиналдык жана реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш арымы Казакстанда (тиешелүүлүгүнө жараша 123,7% жана 112,7%) жана Беларуста (117,1% жана 104,5%) катталган.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Эмгек акы жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү