Бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу Армения Республикасында, Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда электромобилдерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Россия Федерациясында жарандыгы бар жана (же) туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
"Электромобилдерге суроо-талапты өбөлгөлөөгө, аларды өндүрүүгө жана дүрмөттөчү станциялардын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен катар, тарифтик жеңилдикти колдонуу мындай транспорт каражаттарын кеңири жайылтуу үчүн, ошондой эле аларды ЕАЭБде колдонууга чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот", - деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат
ЕАЭБ ББТнын электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынын 15%ын түзөт. ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 16-мартындагы № 29 Чечимине ылайык, 2020-жылдын 4-майынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин 0% өлчөмүндөгү алым колдонулган.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү