Жаңылыктар

27.06.2024

ЕАЭБ өлкөлөрү каржылык кызматтары көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү талкуулашты

Жалпы каржылык рыноктун катышуучуларына карата талаптарды аныктоочу мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө мамилелер 26-27-июнда Ереванда Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинде талкууланды. Отурум ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы астында өттү.

Уставдык капиталдын жана өздүк каражаттардын өлчөмүн кошо алганда, рыноктун катышуучуларына карата талаптарды унификациялоо, ошондой эле жалпы каржылык рынокто насыялык мамилелерди жол-жоболоштурууда жана кызматтарды көрсөтүүдө чек ара аралык өз ара аракеттенүү негизги темалар болуп калды.

"Банк жана камсыздандыруу секторлорундагы, баалуу кагаздар рыногундагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү Бирликтин жалпы каржы рыногун түзүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган. Каржы рынокторун жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн шайкештелген талаптарын белгилөө капиталдын эркин кыймылы үчүн маанилүү шарттардын бири болуп саналат", – деп белгиледи Бахыт Султанов.

Ошондой эле Консультативдик комитеттин мүчөлөрү 2021-жылдын 21-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында насыялык тарыхтын курамына кирген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу маселелерин карашты.

"Макулдашуу каржы рынокторунун катышуучуларынын ортосунда чек ара аралык өз ара иштешүү үчүн укуктук негизди түзөт, Бирликтин башка мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан банктарга насыялык ресурстар үчүн кайрылууда биздин өлкөлөрдүн резиденттерине бирдей шарттарды камсыз кылат жана потенциалдуу карыз алуучулардын насыялык тобокелдигин идентификациялоо жана баалоо үчүн жеткиликтүү инструментти берет", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Талкууланган маселелердин катарына Бирлик мамлекеттеринин өз ара соодасында улуттук валюталарды колдонуу боюнча сунуштамалар, салык салуунун жеңилдетилген режимин сунуштаган офшордук зоналардын улуттук тизмелерин айкалыштыруу жана Россия Федерациясында брокердик эсептерди ачуу кирди.