Темирбек Асанбеков Комиссиядагы бул кызматка Эмиль Кайкиевдин ордуна дайындалды.
ЕЭКтин жаңы министринин ишкердик ишмердик чөйрөсүндө олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар. 2010-жылы ал "Кыргызстандыктарды коргоого жана колдоого көмөк көрсөтүү борбору" КэИни негиздеген (Москва ш.). Москва ш. "Евразия экономикалык илимпоздор клубу" ассоциациясынын (Россия) мүчөсү, экономикалык клубдун координациялык кеңешинин курамына кирет.
2010-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери болуп турган.