Жаңылыктар

01.04.2022

Темирбек Асанбеков: "Газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун жөнгө салуучу документтерди макулдашууну тездетүү маанилүү"

31-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү Темирбек Асанбековдун төрагалыгы астында мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин 17-жыйыны жыйынтыкталды, ага евразиялык "бешилтктин" бардык өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. ЕЭК мүчө мамлекеттер менен биргеликте даярдаган ЕАЭБтин мунай, мунай өнүмдөрү жана газ жалпы рынокторун жөнгө салуучу документтердин негизги долбоорлору каралды.

Иш-чараны ачып жатып, ЕЭК министри Комиссия органдарынын кароосуна белгиленген мөөнөттө киргизүү зарылдыгына байланыштуу, консультативдик комитеттин мүчөлөрүнө бул документтердин долбоорлорун макулдашууну тездетүү сунушу менен кайрылды.

"Бирликтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун калыптандыруунун принциптүү маселелерин жөнгө салуу жана тиешелүү эл аралык келишимдерди даярдоону аяктоо азыр учурда биздин артыкчылыктуу милдетибиз болуп саналат", - деп белгиледи Темирбек Асанбеков.
Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү жөнүндө келишим долбоорунун жөнгө салынбаган жоболорун, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан тутумдар боюнча мунай жана мунай өнүмдөрүн ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү эрежелерин камтыган жоболорду талкуулашты.

Мунайды мамлекеттер аралык ташуу, түтүктөргө жеткиликтин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана кезектүүлүгүн аныктоо, жеткиликтүүлүк шарттары жөнүндө маалыматтарды ачыктоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, консультативдик комитеттин мүчөлөрү газ чөйрөсүнө, атап айтканда, ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан газ транспорттук тутумдар боюнча газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү эрежелерине жана ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүүнүн алкагында газ менен биржалык соода жүргүзүүнүн тартибине тиешелүү актылардын долбоорлорун карап чыгышты.

Ошол эле учурда тараптар газ транспорттук тутумдардын операторлорунун жана Бирликтин жалпы газ рыногунда газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мамилелерин жөнгө салуучу, мүчө мамлекеттердин аймактарында жайгашкан газ транспорттук тутумдарга жеткиликтин бирдиктүү эрежелерин дээрлик макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө отурумдун катышуучулары каралган актылардын долбоорлорунун бир катар жөнгө салынбаган жоболору боюнча консенсуска жетише алышты.

Ошол эле учурда калган бир катар принципиалдуу пикир келишпестиктерди ЕАЭБ мамлекеттеринин энергетика министрлеринин кеңешмесинде кароо чечими кабыл алынды. Кеңешмени апрель айында өткөрүү пландаштырылган.