30-сентябрда Ереванда III Евразия экономикалык форумунун талааларында "Электр энергиясынын борборлоштурулган соодасында Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногунун катышуучуларынын перспективалары жана артыкчылыктары" тегерек столу болуп өттү, ага евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары жана электр энергетикалык уюмдардын жетекчилери катышышты.
Сессиянын катышуучулары негизги көңүлдү электр энергиясынын борборлоштурулган соодасынын алкагында электр энергиясына рыноктук баа түзүү механизмдерине бурушту. Биржалык механизмдер, рыноктун катышуучулары үчүн басмырлабаган шарттарды камсыздоо, улуттук валюталарды колдонуунун перспективалары жана Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун потенциалдуу катышуучуларынын күтүүлөрү талкууланды.
Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда маалымат алмашуу тутумун уюштуруу жана соода жүргүзүүдө электрондук санариптик кол тамгаларды, анын ичинде Бирлик мамлекеттеринде берилген кол тамгаларды колдонууну ишке ашыруу механизмдери өзүнчө каралды.
"Энергия алып жүрүүчүлөргө баалардын дүйнөлүк конъюнктурасы өсүп жаткан шарттарда евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү жөнүндө чечими, электр энергиясына тең салмакталган бааларды жана тарифтерди алуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларынын өсүшүнүн оң динамикасын алуу үчүн рационалдуу чечим болуп саналат. Жалпы электр энергетикалык рыноктун ишке киргизилиши Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт", - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Министр ошондой эле жалпы электр энергетикалык рыноктун катышуучулары үчүн басмырлабаган шарттарды камсыздаган электрэнергиясынын борбордоштурулган соодасы генерациялоочу кубаттуулуктардын тартыштыгын азайтуу жана ЕАЭБ ичинде өз ара сооданын көлөмүн жогорулатуу үчүн электр берүүнүн мамлекеттер аралык линиялары боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн оптималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.