Жаңылыктар

05.02.2024

ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары 2023-жылы 17,4%га өскөн

Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын декабрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 117,4%ды түзгөн.

ЕАЭБ боюнча 2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу тоо-кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүүчүлөрдүн бааларынын олуттуу өсүшү (36,5%га) өсүшү белгиленген. Мында кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүүчүлөрдүн баасы 13,5%га өскөн, ишмердүүлүктүн "электр энергиясы менен камсыздоо, газ, буу берүү жана аба кондиционирлөө" түрү боюнча — 7,6%га, ишмердүүлүктүн "суу менен камсыздоо; канализация тутуму, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча көзөмөл" түрү боюнча — 7%га көбөйгөн. 

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.