Жаңылыктар

29.05.2023 (Обновлено: 01.06.2023 09:59)

ЕАЭБ боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары жыл башынан бери 0,2%га төмөндөдү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары 2023-жылдын апрелинде 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 0,2%га, 2022-жылдын апрелине салыштырмалуу 5,4%га төмөндөгөн.

Декабрь айына салыштырмалуу Арменияда (6,8%га) жана Казакстанда (2,5%га) айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын төмөндөшү белгиленген. Кыргызстанда баалардын өсүшү (6,1%га) катталган. Беларуста баалар мурдагыдай деңгээлде сакталган, Россияда — анчалык олуттуу эмес өскөн (0,1%га).

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.