Жаңылыктар

02.02.2022 (Обновлено: 17.02.2022 17:57)

Өзгөчө кырдаалдардан коргоонуу үчүн продукцияга карата ЕАЭБ техрегламентинин өткөөл жоболору белгиленди

Евразия экономикалык бирлигинин “Жарандык коргонуу жана табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргоону үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти (ЕАЭБ ТР 050/2021) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 5-октябрындагы № 100 чечими менен кабыл алынган жана 2023-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Өткөөл жоболор жаңы талаптарга акырындык менен ылайыкташууга жана шайкештикти баалоо боюнча бирдиктүү документтерге өтүүгө мүмкүндүк берет.

Алсак, 2025-жылдын 1-январына чейин, техникалык регламент күчүнө киргенге чейин берилген шайкештикти баалоо жөнүндө улуттук документтер боюнча же эгерде мындай жол-жобо улуттук деңгээлде каралбаса, шайкештикти баалоо жөнүндө документтерсиз продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө чыгарууга болот.

Ошол эле учурда өткөөл жоболорго ылайык чыгарылган продукцияны анын кызмат мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.