Өткөөл жоболор жаңы талаптарга акырындык менен ылайыкташууга жана шайкештикти баалоо боюнча бирдиктүү документтерге өтүүгө мүмкүндүк берет.
Алсак, 2025-жылдын 1-январына чейин, техникалык регламент күчүнө киргенге чейин берилген шайкештикти баалоо жөнүндө улуттук документтер боюнча же эгерде мындай жол-жобо улуттук деңгээлде каралбаса, шайкештикти баалоо жөнүндө документтерсиз продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө чыгарууга болот.
Ошол эле учурда өткөөл жоболорго ылайык чыгарылган продукцияны анын кызмат мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.