Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши медициналык буюмдарды каттоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди, алар ЕАЭБ мамлекеттерине белгилүү учурларда медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн улуттук мыйзамдар боюнча жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко белгилеп өткөндөй, өзгөртүүлөр өзгөчө кырдаалдарда улуттук деңгээлде жооп кайтаруунун ийкемдүү механизмдерин колдонуунун аркасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторунда медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле өзгөртүү менен ЕАЭБ эрежелери боюнча медициналык буюмдарды каттоодо өзүнүн актуалдуулугун жоготкон өткөөл жоболорду алып салуу каралган.