Жаңылыктар

26.03.2024

"Жарандык коргонуу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого арналган продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке продукциялардын тизмеги бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Жарандык коргонуу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине продукциялардын тизмегин бекитти.

Тизмек биринчи жолу бекитилди жана техрегламент жайылтылган бардык продукцияга карата колдонулат. Ал техрегламенттин талаптарын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. 

Документ бажы органдары тарабынан Бирликтин бажы аймагына продукцияны ташып кирүүдө техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга арналган.