Сиздерди 8-Март Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жашоодогу эң кымбат нерселердин бардыгын - мээримдүүлүктү, сулуулукту, камкордукту - биз сиздер менен байланыштырабыз.
Евразия экономикалык комиссиясында Сиздер эң жогорку иштиктүү сапаттарды, терең кесиптик билимдерди, коюлган максаттарга жетүүдө тайманбас умтулууну көрсөтүү менен керектүүсүздөр жана ийгиликтүүсүздөр.
Ушул майрамдык күнү, өзүнүн кесиптик ишмердигин евразия интеграциясы менен байланыштырган бардык айымдарга, биздин коллегаларга ыраазычылыктын жана сый-урматтын эң жылуу сөздөрүн арнагым келет. Биздин Бирликтин ийгиликтүү өнүгүүсү көбүнесе Сиздерден көзкаранды. Биз, эркектер, Сиздер менен сыймыктанабыз.
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт, жылмаюларды, кубанычты жана эң асыл тилектердин аткарылышын каалайбыз!
Майрамыңыздар менен!
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы
М.В. Мясникович