Биринчи Евразия экономикалык форуму Бишкекте 26-майда ачылды. Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү.
"Бүгүнкү күндө Батыштан Чыгышка цивилизациялык жылыш жүрүп жатат, экономикалык борбор Азия континентине которулууда. Эгерде Европага терезе жабылып жаткан болсо, биз Азияга дарбаза ачууга даярбыз. Биздин Бирлик олуттуу позицияны ээлеши керек. Ааламдаштыруу жана дүйнөлүк каржы-экономикалык тутумунда каатчылык көрүнүштөрү сакталган шарттарда, интеграциялык процесстер мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу жана маанилүү орунга ээ болот. Катышуучу өлкөлөр үчүн Бирликтин өз ара пайдалуулугу айдан ачык. Мындан аркы интеграция үчүн биздин дараметибиз зор, бирликтик программалар аны натыйжалуу өнүктүрүүдө, бул өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөөгө, кошумча жумушчу орундарды уюштурууга жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өз рыногун өздөштүрүү – бул минималдуу милдет. Тышкы рынокто позицияларды бекемдөө максималдуу милдет болуп саналат", - деп билдирди Министрлер Кабинетинин башчысы.Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович форумду уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, үчүнчү өлкөлөр тарабынан ага болгон жогорку кызыгууну баса белгиледи.
"Форумга дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 2500 катышуучу катталды. Бүгүнкү күндө 17 кызматташтык программасын жана келишимдерди түзүү пландаштырылууда, алар практикалык натыйжаларга ээ болушу күтүлөт. Мисалы, жакынкы күндөрү "Евразиялык агроэкспресс" программасы боюнча бүгүн кол коюлган макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча, продукциянын биринчи тонналары Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына жеткирилет", - деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү