ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын орун басарлары 29-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда e-CMR электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарын колдонуу боюнча пилоттук долбоорго старт беришти.
Пилоттук долбоордун негизги максаты – санариптик кол тамга жана "ишеним көрсөтүлгөн үчүнчү тарап" механизмдерин колдонуу менен ар кайсы өлкөлөрдүн субъекттеринин ортосунда юридикалык жактан маанилүү электрондук документтерди чек ара аралык алмашуунун технологиясын практикалык иштеп чыгууну камсыз кылуу.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу транспорттук документтерди алуу жана текшерүү процесстерин тездетүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана контролдоо-көзөмөлдөө жол-жоболорун ишке ашырууда чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.
"Пилоттук долбоордун натыйжалары ЕАЭБдин санариптик транспорттук коридорлорунун экотутумунун сервистеринин бирин ишке ашырууда, ошондой эле навигациялык пломба камтышы керек болгон электрондук документтерди колдонууга өтүү боюнча иште колдонулат", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
e-CMR колдонуу ташуучулардын убакыттык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет. Тактап айтканда, электрондук документтерди колдонууда бир мүнөттөн ашык убакыт кетпейт, ал эми кагаз түрүндөгү коштомо кагаздар менен иштөөдө 20 мүнөттөн ашык убакыт сарпталчу. Мындан тышкары, эл аралык эксперттердин маалыматы боюнча, e-CMR колдонуунун өздүк наркы, чыгаруу, кол коюу, жөнөтүү, статусун тактоо жана архивдөө менен чогуу алганда 1,6 еврону түзөт, ал эми кагаз түрүндөгү транспорттук коштомо кагаздын өздүк наркы 6,23 евронү түзгөн.