Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аккредитациялоо боюнча органдарынын жетекчилеринин кеңешинин отурумунда аккредитация чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, өз ара салыштырма баалоолорду пландаштыруу жана аларды өткөрүү формаларын макулдашуу каралды. Отурум Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко катышуусу менен өттү.
Жетекчилер кеңешинин жана ал түзгөн жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Аккредитациялоо боюнча органдардын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы белгиленди.
"Аккредитациялоо боюнча органдардын мамлекеттик контролдоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү Бирликтин рыногунда коопсуз продукциянын жүгүртүлүшүн жана ак ниет уюмдардын иштешин камсыздоодогу негизги механизмдердин бири болуп саналат", – деп белгиледи Виктор Назаренко.
Жетекчилер кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча өз ара салыштырма баа берүүнүн мөөнөттөрү макулдашылды жана аларды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин формалары бекитилди, 2023-жылга иш пландары түзүлдү. Аккредитациялоо боюнча органдардын жана Бирликтин деңгээлинде мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын өз ара иштешүүсүнүн көйгөйлүү маселелерин иштеп чыгуу жөнүндө сүйлөшүп келишилди.
Ошондой эле 2023-жылы Жетекчилер кеңешинин төрагалыгына Аккредитациялоо боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Назарий Скрыпникти дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 5 Чечими менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы аккредиттөөнү өнүктүрүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин көмөкчү органы катары түзүлгөн.