Жаңылыктар

21.10.2022

ЕАЭБ өнөр жай кооперациясын каржылык колдоо булактарын жана механизмдерин аныктайт

20-октябрда Еревандагы кеңешмеде Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ЕЭКтин түзүлгөн он жылы ичинде биринчи жолу өндүрүштүк кооперацияны Бирликтин кошумча түзүлгөн бюджеттик каражаттарынын эсебинен жеңилдетилген каржылоо булактары жана механизми боюнча макулдашылган мамилени иштеп чыгышты.
Бул инструменттин натыйжасында ЕАЭБдеги эң келечектүү көп тараптуу долбоорлор Бирликтин эл аралык жана улуттук каржы уюмдары тарабынан берилген насыялар боюнча көрсөткүчтү субсидиялоо аркылуу финансылык колдоо алышат.

Кабыл алынган документтерге ылайык, ишти андан ары уюштуруу үчүн мүчө мамлекеттер кызматташуу долбоорлорун каржылоонун бирдиктүү эрежелерин жана артыкчылыктарын иштеп чыгуу зарылдыгын ырасташты.

«ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Комиссияга долбоорлор менен иштөө жана каржылык колдоо көрсөтүү боюнча улуттар аралык деңгээлде иш-чараларды уюштуруу боюнча жаңы ыйгарым укуктарды берүү зарылдыгын колдошту. Ошол эле учурда биз үчүн негизги артыкчылыктар болуп үч же андан көп тараптардын долбоорго катышуусу, кызматташтык чынжырында кошумча наркты калыптандыруу, финансылык эффективдүүлүктү жана туруктуулукту, өз ара сооданын жана инвестициянын өсүшүн камсыз кылуу болуп саналат”,-деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

Бул багыттагы мындан аркы иштердин пландарына ылайык, 2023-жылдын ичинде ЕЭКтин жаңы ыйгарым укуктары, каржылоо жол-жобосун иштеп чыгуу жана кабыл алуу, кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруунун бирдиктүү критерийлерин жана тармактарын бекитүү, деталдуу каржылоо механизми жана бир катар башкалары маселелер каралат.

«Бул бизге экономиканын реалдуу секторунда интеграциянын жаңы деңгээлине өтүүгө мүмкүндүк берет», - деп жыйынтыктады ЕЭК министри.