Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-ноябрдагы отурумунда интеграциялык процесстердин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикаларына тийгизген таасирин баалоо методикасы бекитилди.
Буга чейин мындай методологияны түзүүнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Демилге Стратегия-2025ке киргизилген.
Методиканын негизине Комиссияда иштелип чыккан ЕАЭБдин "чыгымдар-чыгаруу" өлкөлөр аралык таблицаларынын тутумунун инструментарийи коюлган. Методика кабыл алынган интеграциялык чаралардын эсебинен түзүлгөн бул көрсөткүчтөрдүн интеграциялык курамын эске алуу менен, товарлар менен өз ара соодалашуудан, кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуудан жана эмгек миграциясынан Бирликтин ар бир өлкөсүнүн ИДӨсүнө кошкон салымдарын сандык баалоого мүмкүндүк берет.
Комиссия РИАнын Элдик-чарбалык болжолдоо институту менен биргеликте 2016, 2020, 2021 жана 2022-жылдарга интеграциянын таасирин эсептеп чыккан.
Маалымат"Интеграциялык процесстердин ЕАЭБ мамлекеттериндеги экономикалык жигердүүлүктүн өсүшүнө тийгизген таасири олуттуу жана 2016 жана 2022-жылдардагы эсептөөлөрдүн негизинде биз анын өсүп жатканын көрүп турабыз. ИДӨнүн өсүшүнө интеграциянын эң чоң салымы — Беларуста, олуттуу көрсөткүчтөр — Кыргызстанда жана Арменияда. Казакстан менен Россияда таасирлер салыштырмалуу төмөн, бирок абсолюттук мааниде алар кем эмес. ЕАЭБ боюнча орточо алганда 2022-жылы интеграциянын салымы ИДӨнүн 1,43% түзөт", — деп баса белгиледи ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.
ЕЭК Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматтын 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 2021620900 Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык, ЕАЭБдин "чыгымдар-чыгаруу" өлкөлөр аралык таблицалар тутумунун укук ээси болуп саналат.