Евразия экономикалык комиссиясынын мониторингинин жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринен ташылып келинүүчү жана жылдырылуучу ветеринардык дары препараттары үчүн россиялык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү GMP, сертификаттарын алуу боюнча талаптарга Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык келүүсү жөнүндө маселе каралды.
Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ишинин аркасында Комиссиянын Кеңеши тарабынан улуттук мыйзамдарга ылайык берилген ветеринардык дары каражаттарынын өндүрүшүнүн шайкештигин ырастоочу документтерди өз ара таануу каралган чечим кабыл алынган. Чечим үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында күчүнө кирген.
Мониторингдин жыйынтыктарын жана жүргүзүлгөн иштин натыйжаларын карап чыгып, Комиссиянын Коллегиясы кедерги белгилери бар тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маалымдалган.
"Комиссиянын Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим ветеринардык препараттарды Россиянын аймагына алып келүүнү жана сатууну олуттуу жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, муну менен алардын биздин Бирликтин бирдиктүү аймагы боюнча эркин жылышы камсыздалат деп ишенебиз", – деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.