Жаңылыктар

20.11.2023

ЕАЭБде "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорун ишке ашыруу уланууда

Ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары "Санариптик техникалык жөнгө салуу" евразиялык долбоору 15-ноябрда "Интеграция" Евразиялык ишкер форумунун алкагындагы атайын секциянын отурумунда сунушталды. Иш-чара кеңири кызыгууну жаратты: диалогдук аянтчада иштеп чыгуучулар, жөнгө салуучулар жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү пикир алмашышты.

"Эл аралык соода жана интеграция" ЖЧКнын башкы директору, "Бирликтин алкагында санариптик техникалык жөнгө салуу" долбоорунун консорциумунун жетекчиси
Владимир Саламатов өз сөзүндө техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны ишке ашыруу боюнча макулдашылган чаралардын комплексин ишке ашыруунун жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде аны жүзөгө ашыруунун бирдиктүү ыкмаларын жана эрежелерин калыптандыруунун зарылдыгын белгиледи.

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Тимур Нурашев өзүнүн кириш сөзүндө консорциумдун алдына коюлган милдеттердин татаалдыгын, масштабдуулугун, эмгек сыйымдуулугун белгилеп өттү. Долбоор пайдалануучуга Бирликтин алкагында продукцияга карата белгиленген талаптар жөнүндө маалыматтардын толук топтомун берүү үчүн, катышуучулардын ортосундагы мамилелердин колдонуудагы моделине киргизилип, бардык кызыкдар жактардын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун тереңдетүүгө жана жогорулатууга тийиш.

"Бул долбоордун алкагында биз сиздер менен продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптарды түзүү жана аткарууну камсыз кылуу бөлүгүндө Бирликтин укугу менен бекитилген өз ара мамилелердин жана жол-жоболордун жаңы экосистемасын түзүп жатабыз. Бул иш-чара менен биз рыноктун катышуучулары менен долбоорду ишке ашыруу боюнча талкууну баштайбыз, ал ар бир кызыкдар адамга долбоордун ишине катышууга жана анын бүт "ашканасын" ичинен көрүүгө мүмкүндүк берет. Биз мындай бир нече иш-чараларды ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүп келебиз, ал эми зарыл болсо – бул маселелерди талкуулоо үчүн туруктуу иштөөчү диалог аянтчасын түзөбүз", – деп баса белгиледи Тимур Нурашев.


Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Александр Бурак санариптик долбоорду ишке ашыруунун айрым аспектилери жөнүндө айтып берди. Ал өз сөзүндө долбоор рыноктун бардык катышуучуларына, ал тургай керектөөчүлөргө чейин тийгизе турган оң таасирин гана белгилебестен, аларды тегиздөө үчүн азыртадан эле тиешелүү консолидацияланган чечимдерди кабыл алуу зарыл болгон белгилүү тобокелдиктерди да белгиледи.

Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоонун ар кандай маселелери боюнча пикирлерин "Россиялык стандартташтыруу институту" ФМБМ генералдык директору Денис Миронов, "Бирдиктүү терезе" МИ башкы директору Азамат Усенбаев, РӨИБ Өнөр жай саясаты жана техникалык жөнгө салуу комитетинин теңтөрагасынын орун басары Андрей Лоцманов, "Эл аралык соода жана интеграция" ЖЧКнын техникалык директору Дмитрий Дробышев, "Улуттук маалыматтык технологиялар" АК департаментинин директору Аслан Абдраимов, "Улуттук аккредитация институту" ФАМ маалыматтык тутумдарын методологиялык коштоо бөлүмүнүн башчысы Мария Олигер бөлүшүштү.

Катышуучулар санариптик трансформациянын ар кандай аспектилери боюнча темалардын кеңири чөйрөсүн карап чыгышты, СТЖ долбоорунун учурдагы статусунан, санариптик экотутум сервистерин ишке ашыруу ыкмаларынан жана башка сервистерди кошуу принциптеринен баштап, өндүрүштү санариптештирүүдө стандартташтыруунун ролун талкуулоого, стандарттарды жайылтуу тутумун түзүүгө жана стандартташтырууну жана техникалык жөнгө салууну санариптик трансформациялоого карата мамилелерге, СТЖ тутуму менен өз ара аракеттенүүнү эске алуу менен шайкештикти тастыктоонун натыйжалуулугун баалоо принциптерине жана ыкмаларына чейин.

Секциянын катышуучулары тарабынан спикерлердин презентацияларына болгон жигердүү кызыгууну эске алуу менен бул материалдар ачык жеткиликте жайгаштырылды. Алар менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышууга болот: https://eec.eaeunion.org/upload/medialibrary/053/Materialy-sektsii-TSTR-k-Forumu.zip