Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорду каржылоонун туруктуу булактары боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жактырышты. ЕӨАК тескемесине ылайык, Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте 2022-жылдын төртүнчү кварталында экономиканын реалдуу секторунда, айрыкча чет өлкөлүк продукциянын импортуна көбүрөөк көзкаранды болгон, өнөр жай тармактарында интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген каржылоонун конкреттүү булактары жана механизмдери боюнча сунуштарды берет.
"Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары өнөр жай кооперациясын каржылоонун жаңы механизмдерин түзүү зарылдыгы боюнча Комиссиянын өнөр жай блогунун демилгелерин колдошту. Биз импортко көзкарандылыгы жогору болгон стратегиялык маанилүү тармактарга, мисалы, авиа куруу, микроэлектроника, фармацевтика тармактарына артыкчылык беребиз, бирок, албетте, бизнестин кооперациялык багыты бар башка долбоорлорун да карайбыз, - деп өз сөзүндө ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баса белгиледи. - Бул Бирликтин өнөр жай комплексин өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө мүмкүндүк берет, кошумча наркы жогору инновациялык продукцияны түзүүгө, ошондой эле евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн туруктуу экономикалык өсүш маселелеринде алга жылууга жардам берет.
ЕЭК министри Комиссия катышуучу өлкөлөр менен биргеликте бул багыт боюнча 2020-жылдан бери жигердүү иштеп келе жаткандыгын белгиледи. Бул милдеттерди ишке ашыруу 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарында жана ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 12 Бирликте ички рынокту жана кооперацияны өнүктүрүүгө багытталган, ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча ыкчам чаралар жөнүндө тескемесинде каралган.
Артак Камаляндын айтымында, Комиссияга өнөр жай кооперациясы үчүн шарттарды жакшыртуу, биргелешкен ишканаларды түзүү жана жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле интеграциялык долбоорлорду колдоонун улуттуктан жогорку чараларын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө бизнес-коомдоштуктун кайрылуулары бир нече жолу келип түшкөн. Бирликтин соода-өнөр жай палаталары жана ишканалары менен иштөөнүн жүрүшүндө ЕЭКтин эксперттери өнөр жайда кооперациялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруунун негизги тоскоолдуктар, атап айтканда, мындай долбоорлорду ишке ашырууга зайымдык каражаттар боюнча жеңилдетилген чендер жоктугу аныкталган.
Азыркы учурда ЕАЭБ экономиканын реалдуу секторуна өз ара жана тышкы инвестициялардын төмөндөшүнө туш болууда. ЕЭК министри баса белгилегендей, ошондуктан, өнөр жай өндүрүшүнө инвестицияларды тартуу, биздин өлкөлөрдүн жана Комиссиянын артыкчылыктарынын бири болууга тийиш.
Бирликтин мамлекет башчыларынын өнөр жай операцияларын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларын аткаруунун алкагында, Комиссия тарабынан улуттук жана улуттуктан жогорку өнүгүү институттары менен биргеликте, учурдагы кырдаал жана кооперациялык чынжырларды каржылоонун мүмкүн болгон булактары жана механизмдери боюнча ык-амалдар жөнүндө аналитикалык баяндама даярдалган.
"ЕЭКтин сунуштары каржылоонун жаңы булактарын жана механизмдерин издөө боюнча иштин багыттарын камтыйт, алардын катарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттеринен субсидияларды, бажылык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдү, тармактык фондду түзүүнү, евразиялык өнүктүрүү институттарынын ресурстарын пайдаланууну, аралаш каржылоо механизмдерин колдонууну кароого болот", - деп корутундулады Артак Камалян.