Товарлардын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү Товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо көйгөйлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Нурлан Байназаровдун жетекчилиги алдында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде талкууланды.
Эксперттер курулуш (техникалык) фенин, ошондой эле шамал электрогенератордук орнотмонун калактарын (калактын даярдыктарын) классификациялоодо келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулоону улантышты.
Бирликтин мамлекетинин бажы органы тарабынан Комиссияга жөнөтүлүүчү документтердин топтомун түзүү үчүн зарыл болгон товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдерди Комиссия тарабынан даярдалуу тартибине өзгөртүүлөр каралды.