Жаңылыктар

02.09.2022

"Евразия электробусу" пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча иш башталды

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун аянтчасында "Евразия электробусу" өнөр жай кооперациясынын пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча иш башталды.

2-сентябрда Комиссиянын жана Бирликтин мамлекеттеринин жооптуу ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн консультациялардын жүрүшүндө ЕЭКтин аянтчасында иштеп жаткан автомобиль куруу чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча эксперттик топтун курамын актуалдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын жана автосебилдегичтерди өндүрүчүүлөрдүн, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн илимий коомдоштуктарынын өкүлдөрү кирмекчи.

"Бүгүнкү күндө ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясы – бул максималдуу деңгээлдеги жергиликтештирүү менен евразиялык бренддердин алдында өнүмдөрдү жаратууга, импортту алмаштыруу боюнча жаңы долбоорлорду түзүүгө, ошондой эле чыгарылган продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген Бирликтин өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн биргелешкен иш-аракеттерин бириктирүүнүн эң натыйжалуу формасы", – деп ЕЭКтин өнөр жай кооперациясы департаментинин директору Николай Рогожник баса белгиледи.

Тараптар ЕЭК Кеңешинин тапшырмасын аткаруу үчүн ишти түзүү боюнча иш-аракеттердин Комиссия тарабынан сунуш кылынган планын макулдашышты.

Биринчи баскычта электробустарды өндүрүү үчүн критикалык себилдегичтердин, түйүндөрдүн жана материалдардын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн керектүү өндүрүштүк жана технологиялык потенциалга ээ болгон компанияларынын тизмектери түзүлөт.

Тараптар материалдарды даярдагандан кийин Беларусь Республикасынын өнөр жай аянтчаларынын биринде Бирликтин мамлекеттеринин бизнес өкүлдөрүнүн көчмө жумушчу жолугушуусун өткөрүү жөнүндө келишишти.

Николай Рогожниктин айтуусу боюнча, бул долбоорду толук масштабдуу баштоо үчүн гана эмес, жүргүнчү ташуучу техниканын башка түрлөрү (автобустар, троллейбустар) үчүн арналган түйүндөрдү жана себилдегичтерди андан ары электробустарда пайдалануу үчүн кайра багыттоо жана ийкемдөө мүмкүнчүлүгүн да баалоого мүмкүндүк берет.

Иштин орто аралык жыйынтыктары жөнүндө 2022-жылдын аягына чейин Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда баяндама жасалат деп пландаштырылууда.


Маалымат

"Евразия электробусу" пилоттук долбоорун баштоо жөнүндө чечим 15-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда кабыл алынган (Комиссиянын Кеңешинин 15.07.2022-ж. № 31 тапшырмасы).