Жаңылыктар

21.02.2022 (Обновлено: 02.03.2022 17:49)

ЕЭКте транспорт чөйрөсүндө кесиптик стандарттарды иштеп чыгууда ык-амалдарды айкалыштыруу боюнча иштер улантылууда

Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында мүчө мамлекеттердин экономикаларынын транспорттук секторунун кадрдык потенциалын өнүктүрүү максатында, ЕЭКтин транспорт жана инфраструктура департаменти тарабынан даярдалган транспорт чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттардын тизмеси жайгаштырылган.

Тизме кесиптик стандарттарды иштеп чыгууда мамилелерди шайкеш келтирүүгө (аларды иштеп чыгуу керек болгон мамлекеттерде), ошондой эле аларды актуалдаштырууда кесиптик стандарттардын мазмунун жакындаштырууга (алар кабыл алынган өлкөлөрдө) көмөк көрсөтөт.

Азыркы учурда кесиптик стандарттар Казакстан Республикасында жана Россия Федерациясында колдонулат. ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын алкактарын иштеп чыгуу калыптануу процессинде турат.

Тиешелүү маалыматтык базаны түзүү жөнүндө чечим мүчө мамлекеттердин транспорт жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү кирген, кадрдык потенциалды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында кабыл алынды.