Стратегия-2025ти ишке ашыруу маселелерин, атап айтканда 2035-жылга чейин экономикалык өнүктүрүүнүн Негизги багыттарын, ЕАЭБде жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча концепцияны даярдоо маселелерин жана мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык кырдаал жөнүндө баяндаманы 9-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өткөн Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары талкуулашты.
"Биз түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн татаал кырдаалын баштан кечирип жатабыз: дүйнөлүк экономикада да, биздин экономикаларда да олуттуу технологиялык жана институционалдык жылыштар болуп жатат. Бирок, бардык тышкы таасирлерге карабастан, биздин бийликтер макроэкономикалык туруктуулукту сактай алышты", - деп белгиледи ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.
Ошондой эле, ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторингдин натыйжалары каралды. Мониторингдин жыйынтыктарынан көрүнүп тургандай, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБ мамлекеттеринин көпчүлүгүндө бюджеттик жана карыздык көрсөткүчтөрдүн жакшырганы байкалган. Ошону менен бирге, жагымсыз тышкы факторлорго байланыштуу ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө сентябрь айында инфляция боюнча сандык чектөөлөр чектен ашкан.
Комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБ мамлекеттери экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринен ашып кеткен учурда, экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган сунуштарды жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу эрежелерин өркүндөтүү боюнча айрым сунуштарды макулдашышты.
Консультативдик комитеттин кийинки отурумун 2023-жылдын апрель айында көздөшүү форматында өткөрүү пландаштырылды.