Жаңылыктар

11.10.2022

Евразия тармактык университетине Казакстандын жана Россиянын дагы төрт университети киргизилди

Евразия тармактык университетинин (ЕТУ) Координациялык кеңешинин үчүнчү отурумунда дагы төрт жожду: Каспий университетин жана Алматы Менеджмент Университетин (Казакстан), ошондой эле Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин жана "Станкин" Москва мамлекеттик технологиялык университетин (Россия) ЕТУ курамына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Эми илимий-билим берүү консорциумуна 19 университет кирет. Отурум Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин катышуусу менен 7-октябрда "Интеграция" Евразия ишкер форумунун талааларында өттү.

Кеңешменин катышуучулары ЕТУнун өнүгүү стратегиясын жана тактикасын аныктоо үчүн түзүлгөн ЕТУ Координациялык кеңеши жөнүндө жобону бекитишти. Координациялык кеңеш туруктуу иштөөчү коллегиялык орган болуп саналат, анын курамына ЕТУ түзүү жөнүндө Меморандумга кол койгон ар бир университеттин бирден өкүлү кирет. Ошондой эле ЕТУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболору жана 2022-2023-жылдарга иш планы бекитилген.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Евразия тармактык университетин ишке киргизүү боюнча иштин жогорку динамикасын белгилеп, анын ЕАЭБдеги илимий-техникалык кызматташтыкты коштоодогу ролун баса белгиледи.

"Жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоо ЕАЭБдин инновациялык өнүгүүсүнүн зарыл шарты болуп саналат, - деп баса белгиледи Сергей Глазьев. - Евразия тармактык университетинин алдында турган милдеттердин бири - бирдиктүү экономикалык мейкиндикте эң көп талап кылынган адистиктер боюнча билим берүү программаларын жакындаштыруу". 

Маалымат

Евразия тармактык университетин түзүү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 25-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жождорунун ректорлору кол коюшкан. ЕТУ максаты - билим берүү чөйрөсүндө тоскоолдуксуз чөйрөнү этап-этабы менен калыптандыруу. ЕТУ алыстан билим берүү технологияларын пайдалануу менен квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди уюштуруу, евразиялык интеграциянын баалуулуктары духунда жаштардын жеке өсүшүн демилгелөө жана башка багыттар менен алектениши болжолдонууда.

Евразия тармактык университети юридикалык жакты түзбөстөн, илимий-билим берүү консорциуму катары түзүлгөн. ЕТУнун түзүмдүк бөлүмдөрү конкреттүү жогорку окуу жайларына - меморандумдун катышуучуларына бекитилген.

ЕТУнун Координациялык кеңешинин төрагасы болуп россиялык Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору, профессор Владимир Строев шайланган.