ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 11-июлдан 13-июлга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" автомобилдик өткөрмө пунктунун (АӨП) бажы инфраструктурасынын элементтеринин жайгаштырылышына жана материалдык-техникалык жабдылышына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында каралган "Торугарт" АӨПтүн бажы инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иш-чаралар толук көлөмдө аткарылганын көрсөттү.
Мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө отчет мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.
"Учурда Кыргызстандын ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы иштеп жаткан 14 өткөрүү пунктунун 10нун модернизациялоо иштери толугу менен аяктады", – деп белгиледи Данияр Иманалиев. - Быйылкы жылы калган төрт өткөрүү пунктуна мониторинг жүргүзүүнү жана ЕАЭБге кошулуунун алкагында өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өз милдеттенмелерин аткаруусунун жыйынтыгын чыгарууну пландаштырып жатабыз".
Маалымат
"Торугарт" автомобилдик өткөрүү пункту бийик тоолуу аймакта (3700 метр бийиктикте) жайгашкан жана ЕАЭБдин бажы чек арасында Кыргыз Республикасынын эң маанилүү өткөрүү пункттарынын бири болуп саналат, ал аркылуу Кытай Эл Республикасынан ташылып келинген товарлардын олуттуу көлөмү өтөт.