10-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Эксперттер Евразия экономикалык биримдигинде товарларга декларацияны, транзиттик декларацияны жана транспорт каражаттарына декларацияны каттоону тариздөө же каттоодон баш тартуу тартибинин жаңы редакциясына байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.
Бул тартип ЕЭКтин жаңы комплекстүү актысын билдирет, ал электрондук декларациялоонун артыкчылыгын да, бажы органынын кызмат адамынын катышуусуз бажы декларацияларын каттоону же каттоодон баш тартууну жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн да эске алат.
Мындан тышкары, отурумда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн контейнерлер жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү башка сунуштары каралды.