Жаңылыктар

07.09.2023

Минскте ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштык жана евразиялык мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүк жөнүндө бизнестин суроолоруна жооп беришти

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына бирдей жана тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда адилет атаандаштыкты сактоонун өзгөчөлүктөрүн Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун Коомдук кабылдамасынын катышуучулары талкуулашты. Иш-чара Минскте 7-сентябрда Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин жана Беларусь Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен Беларусь универсалдуу товардык биржасынын аянтчасында өттү.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов белгилегендей, Комиссияга атаандаштыкты бузуу туурасында келип түшкөн арыздардын төрттөн бирине жакыны Беларуска туура келет.

"Буга байланыштуу биз мындай жолугушуулардын максатын – ишкерлерге ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторуна чыгууда алар туш болушу мүмкүн болгон улуттуктан жогорку монополияга каршы укукту бузуу тобокелдиктери жөнүндө конкреттүү кейстерде айтып берүүдө көрөбүз", – деди ЕЭК министри.

Беларустук бизнес ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына жигердүү катышууда. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сатып алууларына тоскоолдуксуз катышууга мүмкүндүк берген Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине Беларусь Республикасынын 7187 өндүрүүчүлөрүнүн 92 товары тууралуу маалыматтар киргизилген.

Отурумга монополияга каршы блоктун эксперттери менен бирге беларустук ишкерлер тарабынан берилген суроолорду толук кандуу талкуулоо үчүн Комиссиянын башка профилдик блокторунун өкүлдөрү катышышты. Аларга "евразиялык бешилтиктин" өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү дары каражаттарынын каттоо досьелерин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө, беларустук ишкерлеринин үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды экспорттоодогу көйгөйлөрү жөнүндө, Бирликтин алкагында автомобилдик ташууларда келишимдин ченемдерин мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө суроолор даректелди.

Диалогдун жыйынтыктары боюнча ЕЭК өкүлдөрү бизнести өз укуктарын коргоо үчүн Комиссиянын ресурстарын жана потенциалын жигердүү пайдаланууга, ошондой эле Коомдук кабылдамалардын алдыдагы отурумдарынын темасы болушу мүмкүн болгон актуалдуу суроолорду жөнөтүүгө чакырышты.

Маалымат

Евразиялык реестрге 108 өндүрүүчүнүн 8138 товары (өнөр жайдын 15 тармагынан) киргизилген: 92 – Беларусь Республикасынан, 6 – Казакстан Республикасынан, 2 – Кыргыз Республикасынан, 8 – Россия Федерациясынан.