Евразия экономикалык бирлигинде бажы кызматташтыгын өнүктүрүү перспективалары, бажы ишинде келечектүү маалыматтык технологияларды киргизүү, бизнестин, жарандардын жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү максатында санариптик аспаптарды жана платформаларды колдонуу, трансчегаралык сооданы тездетүү жана жөнөкөйлөтүү маселелери II Евразия экономикалык форумунун алкагындагы "Заманбап чакырыктар жана жаңы өнөктөштүк: ЕАЭБде бажылык жөнгө салуу кандайча өнүгөт?" тематикалык сессиясы каралды.
"Бажылык жөнгө салууну мен евразиялык интеграциянын негизги элементи деп атамакмын, – деп баса белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров. — Ошондуктан биздин бажы чөйрөсүндөгү интеграциялык мейкиндигибизде ишеним мейкиндигин түзүү абдан маанилүү. Мамлекеттик контролдоочу органдар гана бири-бирине ишенбестен, бизнес Бирлик өлкөлөрүнүн бардык органдарына ишеним менен мамиле кылышы керек. Бул бажылык башкарууда санариптик чечимдерди жана жол-жоболорду активдүү киргизүү менен гана мүмкүн болот".
Сессиянын модератору Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов ушул өңүттө талкуу жаратты. Ал, атап айтканда, мындай деди: "Бажылык башкарууну электрондук пломбалар, товарларды көзөмөлдөө жана маркировкалоо системалары, электрондук сооданы өнүктүрүү сыяктуу санариптик бажы технологияларын киргизүү багытында мындан ары да өркүндөтүү зарыл. Бардык өлкөлөр бул маселелер боюнча тезирээк алдыга жылуу керек деген бир пикирде".
Сессиянын катышуучулары транспорттук-логистикалык чынжырлардын бузулушуна байланыштуу тоскоолдуктарды жоюуда трансьевразиялык логистиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле алар бажы процедураларын жана бажы көзөмөл операцияларын унификациялоо, стандартташтыруу, электрондук соода институтун өнүктүрүү, электрондук документ жүгүртүүнү унификациялоо боюнча мындан аркы иштердин зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти.
"Биз санариптештирбей туруп, биздин тармакта заманбап технологиялардын тез өнүгүү темписиз бажылык башкарууну жакшыртуу мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Натыйжалуу кызматташуу маалымат алмашууга мүмкүндүк берген тиешелүү электрондук платформаларсыз мүмкүн эмес. Бажы чөйрөсүндө да, салык чөйрөсүндө да байкалбаган башкаруу болушу керек, бирок ошол эле учурда жетишерлик натыйжалуу көзөмөл керек, анткени товарлардын агымы, биздин өлкөлөр аркылуу транзит барган сайын көбөйүүдө", — деп белгиледи Армения Республикасынын мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Ашот Мурадян.