Жаңылыктар

10 июнундагы 2025 ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору болуп Ольга Прудникова дайындалды Ольга Филипповна Прудникова Могилев шаарында (Беларусь Республикасы) туулган. 1989-жылы Беларусь-Россия университетин (инженер-физик), 1999-жылы — Беларус юридикалык институтун "Укук таануу" (юрист) адистиги боюнча артыкчылык менен, 2010-жылы — Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясын "Экономика жана өнөр жай ишканасындагы башкаруу" адистиги боюнча жана 2024-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1989-жылы "Могилевэнерго" РУИде баштаган жана ал жерде 2010-жылга чейин жетекчилик кызматтарда иштеген. 2010-жылдан 2013-жылга чейин "ОДУ" РУИде иштеген. 2013-жылдан 2017-жылга чейин "Белэнерго" электр энергетика боюнча мамлекеттик өндүрүштүк бирикмесинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2017-жылдын январынан 2025-жылдын май айына чейин — Беларусь Республикасынын энергетика министринин орун басары. 2025-жылдын 2-июнунан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика департаментинин директору болуп дайындалды.
10 июнундагы 2025 КЭРде жана Украинада өндүрүлүүчү цинктелген прокатка карата демпингге каршы алым беш жылга узартылды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасында жана Украинада өндүрүлүүчү цинктелген прокатка карата демпингге каршы алымдын аракетин 2030-жылдын 9-июнуна чейин кошо алганда узартты. "Чечим Ички рынокту коргоо департаменти тарабынан 2024-жылдын 2-сентябрында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн прокатты өндүрүүчүлөрдүн арызынын негизинде, колдонуудагы чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу башталган демпингге каршы кайра иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алынды", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Арыз "Магнитогорск металлургиялык комбинаты" ААК, "Новолипецк металлургиялык комбинаты" ААК жана "Северсталь" ААК тарабынан берилген. КЭРде жана Украинада өндүрүлгөн цинктелген прокатка карата демпингге каршы алым ЕЭК Коллегиясынын 2019-жылдын 3-декабрындагы № 209 чечимине ылайык белгиленген. КЭРде өндүрүлгөн прокатка алымдын өлчөмү өндүрүүчүгө жараша бажы наркынан 12,69%дан 17%га чейинкини, Украинада өндүрүлгөн прокатка — бажы наркынан 23,9%ды түзөт. Ошондой эле № 209 чечим менен бир катар кытай компанияларынын баа милдеттенмелери жактырылды. Чаранын аракети кайта иликтөө жүргүзүү мезгилине узартылган.
10 июнундагы 2025 Максим Ермолович: "ЕЭК ЕАЭБ мейкиндигинде ак ниет атаандаштыкты камсыздоо механизмдерин өнүктүрөт" ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Москвада өткөн, Монополияга каршы федералдык кызмат жана Монополияга каршы эксперттер ассоциациясы тарабынан уюштурулган Монополияга каршы форум-2025ке катышты. Пленардык сессияда Максим Ермолович ЕЭКтин атаандаштык чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктерин, Евразия экономикалык бирлигинин атаандаштык укугуна киргизилген негизги түзөтүүлөрдү, Комиссиянын рынокторду секторалдык изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнүн айрым аспектилерин сунуштады. Блоктун улуттук атаандаштык ведомстволору менен өз ара иштешүүсү, ЕЭКтин атаандаштык чөйрөсүндөгү ишинин келечектүү багыттары каралды. "Атаандаштык боюнча блок кесипкөй коомдоштук менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана атаандаштык саясатынын актуалдуу маселелерин талкуулоого чоң маани берет. Мунун баары ЕАЭБ мейкиндигинде ак ниет атаандаштыкты камсыздоонун натыйжалуу укуктук жана институционалдык механизмдерин калыптандырууга өбөлгө түзөт", — деп баса белгиледи ЕЭК министри. Максим Ермолович бүгүнкү күндө ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин алкагында атаандаштык чөйрөсүн колдоо үчүн бардык зарыл инструменттерге ээ экендигине көңүл бурду: укук колдонуу практикасы түзүлүп, атаандаштык боюнча укукту өркүндөтүүнүн туруктуу процесси жүрүп жатат. "Биз Комиссиянын чек ара аралык рыноктордо катышуусун кеңейтүү үчүн, ошондой эле чарбакер субъекттердин аларда атаандаштыктын принциптери жана эрежелери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз", — деп белгиледи ЕЭК министри.  
06 июнундагы 2025 Чинара Мамбеталиева "Жөнгө салуучу тажрыйба жана дары-дармек каражаттарын каттоо — РегЛек 2025" конференциясына катышты Москвада өткөн "Жөнгө салуу тажрыйбасы жана дары-дармек каражаттарын каттоо — РегЛек 2025" илимий-практикалык конференциясында дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салууну өркүндөтүүнүн, каттоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун жана бейтаптардын сапаттуу медикаменттерге жетүүсүн камсыздоонун негизги маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Чинара Мамбеталиева сунуштады. ЕЭК өкүлү пленардык сессияда "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттары" темасында баяндама менен чыгып сүйлөдү. Атап айтканда, ал бирдиктүү ыкмалардын негизинде дары-дармектерди каттоого карата талаптарды шайкеш келтирүү процесстерин тереңдетүү, каттоо жол-жоболорун жана экспертизалардын натыйжаларын өз ара таануу механизмдерин кеңейтүү, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүнүн транспаренттүүлүгүн жана байкоого алынуусун камсыздоо жөнүндө айтып берди.
05 июнундагы 2025 Бакытжан Сагинтаев Кытайдын Россиядагы Элчиси Чжан Ханьхуэей менен жолугушту Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 5-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында Кытай Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Чжан Ханьхуэй менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен КЭРдин Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуусунун алкагында өз ара иштешүүсүнүн перспективалары талкууланды. "Кытай Эл Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биздин мамилелер өз ара урматтоо, ачыктык жана стратегиялык өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. 2019-жылы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден тартып, ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылга карата эки эседен ашык көбөйүп, 280 млрд долларга жетти. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар экономиканын бир катар артыкчылыктуу тармактары боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү жактай тургандыгын ырасташты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы КЭРдин мамлекеттик бийлик жана бизнес органдарынын өкүлдөрүн 2025-жылдын 26-27-июнунда Минскте өткөн Евразия экономикалык форумунун ишине катышууга чакырды. Өз кезегинде Чжан Ханьхуэй Бакытжан Сагинтаевди Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин Пекинде өтө турган парадына чакырды. Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга 2018-жылы Астанада кол коюлган.
05 июнундагы 2025 ЕЭК жана ЮНСИТРАЛ эл аралык соода укугу боюнча диалогду улантышты Евразия экономикалык комиссиясы ЮНСИТРАЛ менен биргеликте эл аралык соода укугунун актуалдуу маселелерине арналган экинчи вебинар өткөрдү, ага Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышты. ЮНСИТРАЛ эксперттери бир катар багыттар боюнча негизги иштелмелерди сунушташты. Алардын арасында – кудуретсиздик (банкроттук) жөнүндө мыйзамдар, эл аралык медиация жана арбитраж, ошондой эле инвесторлор менен мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу тутумун реформалоо. ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Лусине Тумян белгилеп өткөндөй, дүйнөлүк экономиканын тез трансформациялануу шарттарында эл аралык соода укугу барган сайын маанилүү ролду ойнойт. "ЕЭК жана ЮНСИТРАЛ ортосундагы диалог өз ара иштешүүнү өнүктүрүүгө багытталган, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык практикалар менен таанышууга мүмкүндүк берет. Биз тажрыйба алмашууда жана эл аралык соода укугунун ченемдерин өркүндөтүүнүн үстүндө биргелешип иштөөдө чоң баалуулукту көрүп турабыз", – деп белгиледи Лусине Тумян. Комиссиянын өкүлү ЕАЭБ мамлекеттеринин ЮНСИТРАЛ менен жигердүү диалогунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул, анын пикири боюнча, өлкөлөргө актуалдуу тенденциялардан жана глобалдык демилгелерден кабардар болууга гана эмес, эл аралык укуктук стандарттарды түзүүгө катышууга да мүмкүндүк берет. Болуп өткөн дискуссия катышуучуларга ЮНСИТРАЛ механизмдери жана инструменттери жөнүндө билимдерин кеңейтүүгө, ЕАЭБ алкагында эл аралык соода укуктарын колдонуу тажрыйбасын талкуулоого мүмкүндүк берди. ЮНСИТРАЛ (UNCITRAL) — БУУнун эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы. 1966-жылы эл аралык соода укугун унификациялоого жана шайкеш келтирүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн. БУУнун эл аралык соода укугу боюнча негизги юридикалык органы болуп саналат. Ушул жылдын 26-майында ЕЭК менен ЮНСИТРАЛдын биринчи биргелешкен вебинары болуп өттү.
Дагы көрсөтүү