Жаңылыктар

17.11.2023

Виктор Назаренко: "ЧАК вирусун киргизүү жана жайылтуу мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет, ошондой эле алардын экспорттук потенциалын олуттуу чектейт"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко 16-ноябрда Москвада Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюмунун (ДЖДУ) регионалдык өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган "Чочколордун африкалык кара тумоосу глобалдык коркунуч катары. ЧАК менен күрөшүүдө эл аралык аракет жана илим" темасына семинарды ачып жатып, өзүнүн видео-кайрылуусунда билдирди.

"Бул семинардын жүрүшүндө алынган маалыматтар жана билимдер мындан ары ЕАЭБ укугуна кирген жаңы ченемдик документтерди иштеп чыгууда жана колдонуудагы ченемдик документтерди өркүндөтүүдө колдонулушу абдан маанилүү, – деп белгиледи ЕЭК министри. - ДЖДУнун сунуштарын жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен бул оорунун таркалышын жоюу боюнча аракеттерди бириктирүү өз ара соодадагы чектөөлөрдү минималдаштырууга мүмкүндүк берет жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин экспорттук потенциалын өстүрүүгө өбөлгө түзөт".

Семинардын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен ДЖДУнун Москвадагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Будимир Плавшич да кайрылды. Ал талкууланып жаткан маселенин актуалдуулугуна өзгөчө көңүл буруп, ЧАК чочко чарбасына чоң зыян келтире аларын жана дүйнөнүн 66 өлкөсү тигил же бул деңгээлде бул глобалдык көйгөйгө туш болгонун белгиледи.

Теманы кененирээк кароодо семинардын модератору, ДЖДУ Борбордук Азия үчүн Субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мереке Тайтубаев ЧАК учурлары жөнүндө маалыматты ДЖДУнун Жаныбарлардын ден соолугу боюнча глобалдык маалымат тутумуна (WAHIS) жөнөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, анткени бул оору дүйнөлүк айыл чарба жана соода үчүн олуттуу коркунуч болуп саналат.

Семинарга спикерлер катары ДЖДУ өкүлдөрү, ошондой эле ветеринария тармагындагы алдыңкы окумуштуулар – Жан Перше (ДЖДУ), Альберто Ладдомада (DG SANTE EC), Денис Колбасов (Россия), Хосе Мануэль Санчес-Вискаино (Испания), Алексей Иголкин (Россия), Сандра Бломе (ДЖДУ) катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары дүйнөдө чочколордун африкалык кара тумоосу боюнча учурдагы эпизоотикалык абал, анын жайылуу тенденциялары, бул ооруга каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун заманбап ыкмалары, ЧАК вирусунун биологиялык касиеттерин изилдөө жана баалоо боюнча изилдөө иштери, ошондой эле ондогон жылдар бою бул коркунучтуу вируска каршы вакцинаны иштеп чыгуучулар туш болгон кыйынчылыктар менен таанышышты. Алар натыйжалуу жана коопсуз вакцинаны жаратуу менен бул өзгөчө коркунучтуу ооруга каршы күрөштө чоң жетишкендик болорун баса белгилешти.

Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары ЧАК вирусун алдын алуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүштү, ал ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин ветеринардык адистерине өз мамлекеттеринин аймагына бул оорунун киришин жана жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландаштырууда сөзсүз пайдалуу болмокчу.

Семинардын ишине ЕЭК кызматкерлери, ДЖСУнун өкүлдөрү жана эксперттери, Евразия экономикалык бирлигинин бардык мамлекеттеринин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын, ошондой эле алардын алдыңкы ведомстволук институттарынын жана лабораторияларынын кызмат адамдары жана эксперттери катышышты.

Иш-чаранын коноктору жана катышуучулары бир катар европалык өлкөлөрдүн Москвадагы элчиликтеринин, Кубанын жана Таиланддын, Европа бирлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) кызматкерлери болушту, бул семинардын тематикасына чет өлкөлүк адистердин актуалдуулугун жана кызыгуусун көрсөтүп турат.

Тирүү жана рекомбинанттык вакциналарды иштеп чыгууга, түзүүгө жана колдонууга, алардын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна, ошондой эле вакцинациялоо боюнча эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү илимий-практикалык маселелер аудиториянын чоң кызыгуусун жаратты. Татаал түзүлүшкө, көптөгөн коргоо даражаларына жана эң жогорку каршылыкка ээ болгон вирус дүйнө жүзү боюнча алдыңкы илимий лабораториялар тарабынан жигердүү изилденүүдө.

Маалымат

Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун сактоо уюму (ДЖДУ) бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал ДСУнун референттик уюму катары таанылган.

Чочколордун африкалык кара тумоосу (ЧАК) — ысытма, тери цианозу жана ички органдардагы кеңири геморрагиялар менен мүнөздөлгөн өтө жугуштуу чочко вирустук оорусу. Көбүнчө бул оору 100%га чейин өлүмгө алып келүүчү курч формада болот.