Жаңылыктар

01.10.2024

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери "Жашыл Евразия" экинчи эл аралык климаттык конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлашты

Евразия экономикалык форуму – 2024 программасынын алкагында Евразия экономикалык комиссиясы жана "Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча стратегиялык демилгелер агенттиги" АКУ тарабынан уюштурулган "Жашыл Евразия" экинчи эл аралык климаттык конкурсунун жеңүүчүлөрүн жана финалисттерин сыйлоо болуп өттү.

Сыйлоо аземине Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү: Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, ошондой эле ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышышты.

Конкурстун 15 ар кандай номинациялардагы жеңүүчүлөрү жана финалисттери болуп Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Россия Федерациясынан, Иран Ислам Республикасынан, Египет Араб Республикасынан, Индонезия Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан 57 мыкты климаттык практикалар эсептелишти.

Казакстан Республикасынан келген компания -"ТехноГруппСервис" ЖЧШ "Евразиялык перспективасы" атайын номинациясында жеңүүчү деп табылды, анда "жашыл" каржылоо инструменттерин колдонуу жолу менен шамал электр станцияларын орнотуу долбоору менен эл аралык кооперациялык курамга кошумча баа берилген.

Жеңүүчүлөрдүн жана финалисттердин тизмеси менен расмий сайттан таанышууга болот.

Быйылкы жылы конкурска 12 өлкөдөн, анын ичинде Кытай, Египет, Иран, Индонезия, Камерун, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжандан 300дөн ашуун практикалар келип түшкөн. Конкурстун өнөктөштөрү "Газпромбанк" АК, "Промсвязьбанк" ААК жана Андрей Мельниченко Кайрымдуулук фонду болду.