Жаңылыктар

21.03.2023 (Обновлено: 22.03.2023 17:28)

Экспресс жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясына өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы жеке жактардын дарегине экспресс-жүк катары жеткирилүүчү жеке колдонуу үчүн товарларды декларациялоодо бажы документтерин толтуруу тартибин жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөрдү бекитти.

Бекитилген өзгөртүүлөрдө экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясынын формасын жаңы графа менен толуктоо жана аны толтуруу тартиби каралган. Жаңы графада товарлардын иш жүзүндө жайгашкан жери тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.

"Өзгөртүүлөр аралыктан чыгаруу технологиясын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн товарлардын жайгашкан жерин аныктоо мүмкүнчүлүгүнө багытталган, – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров. - Мунун баары биригип жүктүн аталган категориясын жол-жоболоштуруу процедурасын оптималдаштырууга жана бизнестин чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет".

Долбоор Комиссиянын бажы блогу тарабынан экспресс-жүктөрдү бажылык башкарууну жакшыртуу жана бул маселе боюнча заманбап укуктук базаны калыптандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин логикалык уландысы болуп саналат.

Маалымат

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-октябрындагы
№ 158 чечими менен экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясынын формасы жана аны толтуруу тартиби каралган.