Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 11-февралдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында медициналык буюмдар Медициналык буюмдардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча жалпы талаптарга, аларды маркалоого жана алардын эксплуатациялык документациясына коюлган талаптарга толугу менен же жарым-жартылай шайкеш келген стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Өзгөртүүлөр менен 2022-2023-жылдары кабыл алынган, мурда тизмеге киргизилген үч стандарттын жаңы версиялары жөнүндө маалыматтарды киргизүү каралат.
Бул МАМСТ Р ИСО 14155-2022 "Медициналык буюмдарды субъект катары адамдын катышуусу менен жүргүзүлүүчү клиникалык изилдөөлөр. Талаптагыдай клиникалык практика", МАМСТ Р ИСО 15223-1-2023 "Медициналык буюмдар. Өндүрүүчү тарабынан берилген маалыматты берүү үчүн колдонулуучу символдор. 1-бөлүк. Негизги талаптар" жана МАМСТ Р МЭК 62366-1-2023 "Медициналык буюмдар. 1-бөлүк. Медициналык буюмдарды эксплуатациялык жарамдуулукту эске алуу менен долбоорлоо".